понедельник, 28 сентября 2009 г.

про Ботогоз

Татынакай Ботокөз,
Атына заты жарашкан,
Жагымдуу, жумшак сүйлөшү,
Эл көөнүн буруп караткан.

Бир аз күндүн ичинде,
Бир топ нерсе үйрөндүк,
Ботокөздөй болсок деп,
Ичибизден сүйлөндүк.

Эң негизги айтаарым,
Билиминин тереңи,
Бак тапсаң сүйгөн ишиңден,
Башканын жок кереги.

Кааларыбыз Ботокөз,
Жамандык такыр көрбөсүн,
Жаратканым күч берсин,
Оңдоого элдин чөйрөсүн.

(с) Улан Каракеев

про Анару

Эртең менен турабыз,
Жаздыктай болуп жалпайып,
Бассейн, өткөн сабактар,
Таасир берсе канчалык.

Жээке барып турганда,
Чарчаганды унутуп,
Заряд алууга даярдык,
Көрөбүз катар турушуп.

Бизге заряд берүүчү,
Генератор Анара,
Мыкты инсан экенин,
Көрсөттү элдер тараза.

Анаранын йогасы,
Мышык болдук, ит болдук,
Жамбаштап жатып кыздарга,
Жабышкан оор жүк болдук.

Жалпысынан алганда,
Жакшы нерсе үйрөндүк,
Буту, колдор чоюлуп,
Жыландай болуп сүйрөлдүк.

Анара эже биз Сизге,
Ден соолук өмүр каалайбыз,
Эстен кеткис күндөр деп,
Эмгегиңизди баалайбыз.


(с) Улан Каракеев

про Казбека

Жигердүү максат көздөгөн,
Жигиттер элде көп болсо,
Сереси болуп акылдын,
Айткандары төп болсо.

Мына ушундай тилектер,
Жалпы элдин оюда,
Жолукиум мындай жигитке,
Ысык-Көлдүн боюнда.

Заманбап биздин жашоодо,
Казбектин керек билими,
Жанынан чыкпай үйрөнгүн,
Жалпыңар уксаң тилимди.

Баарыбызды чогултуп,
Заряд берип аткан ким?
Фотомодельдей койкойтуп,
Сүрөткө бизди тарткан ким?

Казбекке каалап кетели,
Максатына жетишсин,
Көрө албас «плоский» адамдар,
Казбектен алыс кетишсин.


(с) Улан Каракеев

про Замиру (из НПО "Арыш")

Уюштуруу иштери,
Көп нерсени талаптайт,
Лидерлик сапат жок болсо,
Уюштуруучуга жарашпайт.

Замиранын артынан,
Хор ырдоого үйрөндүк,
Короозчо бири корулдап,
Букача бири мөөрөндүк.

Жардам берди бирок да,
Замиранн сөөмөйү,
Бир кка келип ырдашты,
Сөөмөйдү карап көргөнү.

Кут, ырыскы, береке,
Сизге каалап кетели,
Чыгармачыл жагынан,
Деңгеелге Сиздин жетели.


(С) Улан Каракеев

про Бектур и Кристину

Үчүнүч күн дегенде,
IT шниктер келишти,
Интернет сайттар жөнүндө,
Маалымат кенен беришти.

Чачтарына жараша,
Узун экен акылы,
Кимиси эркек кими кыз,
Түшүндүк барып акыры.

Фотокросс деп чуркадык,
Мыкты сүрөт тартам деп,
Маалымат, сүрөт жайгашчу,
Өздүк блог ачам деп.

Бирөөгө блог ачылып,
KLOOP жактан сыйланды,
Парольун кееси унутуп,
Эстей албай кыйналды.

Ушунун баарын үйрөткөн,
А НАХ? Деп бизди сүйлөткөн,
Кристинага, Бектурга,
Ырыхмат айтам жүрөктөн.


(с) Улан Каракеев

Гульмайрам

Хореограф Гулмайрам,
Бий үйрөттү чакырып,
Жаңылып калсак кокус биз,
«Что ты тупиш»- деп бакырып.

Уюштуруу ишинде,
Эмгегиңиз зор болду,
Катып калган денелер,
Кыйналып жаман кор болду.

Өмүрү бийди билбеген,
Өзүн өзү тилдеген,
Адамдын көөнү жазылды,
Шаңдуу жакшы бий менен.

Гулмайрамга каалайбыз,
Бакыт таалай коштосун,
Булгаган адам болбосун,
Электронук почтосун.


(с) Улан Каракеев

"Москвада" саякат

Публикуем серию стихов, написанный участником программы Уланом Каракеевым.

Керемет көлдүн мейкини,көз алдыма ачылды,
Терс ойлорум мендеги,жок болду такыр чачылды.

Горизонтто көрүнөт,ак мөңгү тоолор заңкайган,
Ысык-Көлүм береке, көгүлтүр бермет чалкайган.

Көгүлтүр көлдүн жээгинде, Рух-Ордо деген курулуш,
Кыргыз көркөм өнөрдө, эң эле кескин бурулуш.

Ысык-Көл кыргыз сыймыгы, урпактарга сактайлы,
Сарамжалдап тазалап, урматтайлы барктайлы.

Көл кылаасы керемет, кандай жер буга теңелет,
Бул кудайдын белеги, Көлүбүз бизге эң керек.

Көз жеткен жерин көлүмдүн, сөз жетпейт кыркүн айтууга,
Капитан бурду кемени, убакыт келди кайтууга,

Тренерлерге ырахмат, уюштурган ишине,
Ушундай сонун саякат, жакты окшойт ар бир кишиге.

пятница, 25 сентября 2009 г.

Еще один фото слайд-шоу

Фото-слайды от молодежного лагеря

Фото-слайд был подготовлен членами группы "Пятачок" - участниками Молодежного лагеря "От самопомощи к лидерству" где представлен репортаж одного из дней лагеря...