понедельник, 28 сентября 2009 г.

про Казбека

Жигердүү максат көздөгөн,
Жигиттер элде көп болсо,
Сереси болуп акылдын,
Айткандары төп болсо.

Мына ушундай тилектер,
Жалпы элдин оюда,
Жолукиум мындай жигитке,
Ысык-Көлдүн боюнда.

Заманбап биздин жашоодо,
Казбектин керек билими,
Жанынан чыкпай үйрөнгүн,
Жалпыңар уксаң тилимди.

Баарыбызды чогултуп,
Заряд берип аткан ким?
Фотомодельдей койкойтуп,
Сүрөткө бизди тарткан ким?

Казбекке каалап кетели,
Максатына жетишсин,
Көрө албас «плоский» адамдар,
Казбектен алыс кетишсин.


(с) Улан Каракеев

Комментариев нет:

Отправить комментарий