понедельник, 28 сентября 2009 г.

про Анару

Эртең менен турабыз,
Жаздыктай болуп жалпайып,
Бассейн, өткөн сабактар,
Таасир берсе канчалык.

Жээке барып турганда,
Чарчаганды унутуп,
Заряд алууга даярдык,
Көрөбүз катар турушуп.

Бизге заряд берүүчү,
Генератор Анара,
Мыкты инсан экенин,
Көрсөттү элдер тараза.

Анаранын йогасы,
Мышык болдук, ит болдук,
Жамбаштап жатып кыздарга,
Жабышкан оор жүк болдук.

Жалпысынан алганда,
Жакшы нерсе үйрөндүк,
Буту, колдор чоюлуп,
Жыландай болуп сүйрөлдүк.

Анара эже биз Сизге,
Ден соолук өмүр каалайбыз,
Эстен кеткис күндөр деп,
Эмгегиңизди баалайбыз.


(с) Улан Каракеев

Комментариев нет:

Отправить комментарий