понедельник, 28 сентября 2009 г.

про Ботогоз

Татынакай Ботокөз,
Атына заты жарашкан,
Жагымдуу, жумшак сүйлөшү,
Эл көөнүн буруп караткан.

Бир аз күндүн ичинде,
Бир топ нерсе үйрөндүк,
Ботокөздөй болсок деп,
Ичибизден сүйлөндүк.

Эң негизги айтаарым,
Билиминин тереңи,
Бак тапсаң сүйгөн ишиңден,
Башканын жок кереги.

Кааларыбыз Ботокөз,
Жамандык такыр көрбөсүн,
Жаратканым күч берсин,
Оңдоого элдин чөйрөсүн.

(с) Улан Каракеев

Комментариев нет:

Отправить комментарий